Биз менен байланышыңыз

«Кыргыз-кытай гуманитардык алмашуу борборун» түзүү боюнча макулдашууга кол коюлду

Кыска кабар | 17 Дек 2019 | 442 | 0

Пекин шаарында 12-декабрда «Кыргыз-кытай гуманитардык алмашуу борборун» түзүү боюнча макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Макулдашууга Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков жана Кытай борбордук улуттар университетинин ректору Хуан Тайянь кол коюшту.

Аталган иш-чарага Кыргызстандын Кытайдагы элчиси К.Бактыгулова катышып, кыргыз-кытай маданий-гуманитардык тармагындагы кызматташтык жөнүндө катышуучуларга айтып берди.

Copyright © 2017 Maral FM