Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга Орусия менен Кытайдан коронавирусту аныктай турган реагенттер келет

Кыска кабар | 3 Фев 2020 | 812 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирустун өлкөгө киришинин алдын алуу жана Кыргызстандын аймагында жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги отурумун өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдиргендей, бүгүнкү күндө республика боюнча коронавирусту жуктуруу фактысы катталган эмес, эпидемиологиялык кырдаал туруктуу. Анын айтымында, жакын арада кыргызстандык медицина кызматкерлери россиялык жана кытай кесиптештеринен коронавирусту бир нече сааттын ичинде аныктай ала турган атайын реагенттерди алууну күтүп жатышат.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү күчтөндүрүү иштерин улантууну тапшырып, бардык алдын алуу чараларын так ишке ашыруу зарылдыгын баса көрсөттү.

Премьер-министр коронавирустун кириши жана жайылышы боюнча санитардык-эпидемиологиялык иш-чараларды уюштуруу боюнча биринчи кезектеги аракеттердин планы тууралуу эскертти.

Мухаммедкалый Абылгазиев дарыканалар тутумунун үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу жана коргоочу жеке каражаттардын (бет каптар), вируска каршы дары-дармектердин баасынын жогорулашын, аларды кымбаттаган наркта кайра сатууну  алдын алуу үчүн мониторинг жүргүзүү керектигин дагы бир жолу эске салды.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча Өкмөт башчы бир катар, анын ичинде эпидемиологиялык кырдаалга күн сайын мониторинг жүргүзүү жана Кытай жана үчүнчү өлкөлөрдөн келген жарандарга көзөмөл жүргүзүүгө тийиштүү так тапшырмаларды берди.

Тышкы иштер министрлигине Кытайда жүргөн Кыргыз жарандары менен иштөөнү улантуу, алардын укуктарын жана саламаттыгын коргоо үчүн зарыл көмөк көрсөтүү тапшырылды.

Copyright © 2017 Maral FM