Биз менен байланышыңыз

Кытайдан 196 адам келди, алардын он үчү кытайлар

Кыска кабар | 2 Фев 2020 | 1011 | 0

28-январдан 1-февралга чейин Кытайдан Кыргызстанга жалпысынан 196 адам келди. Алардын ичинен 182си Кыргызстандын ,  он үчү Кытайдын , башка өлкөлөрдүн бир жараны бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын баары тепловизор аркылуу медициналык көзөмөлдөн өткөрүлдү. Вируска байланыштуу шек саналгандар аныкталган жок.

Учурда Сокулуктагы ооруканада — 3, Беш-Күңгөй айылындагы госпиталда 4 адам текшерилүүдө. Абалдары — канааттандырарлык. Калган 189 адам штабдын чечими менен жашаган жеринен медициналык кароодон өтүү үчүн коё берилген.

Вирустун алдын алуу чаралары:

  • Колду самындап бат-бат жууп туруу же спирт менен сүртүү;
  • Жөтөлгөндө же чүчкүргөндө оозду, мурунду чыканак менен же бир жолу колдонулуучу кагаз бет аарчы менен жабуу;
  • Сасык тумоо же курч респиратордук инфекциялардын белгилери байкалган адамдардан алыс болуу;
  • Эт жана жумурканы жакшылап бышырып колдонуу;
  • Жаратылыштагы жапайы жаныбарлар жана канаттууларга жакындабаш керек;
  • Эгерде дене табыңыз көтөрүлүп, жөтөлүп, дем алууңуз кыйындаса, тезинен медициналык жардам алууга кайрылыӊыз.

Copyright © 2017 Maral FM