Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу

Кыска кабар | 21 Фев 2020 | 661 | 0

Учурда Кыргызстандын аймагында коронавируска чалдыккан учур катталган жок, вирусту аныктай турган экспресс-тесттердин саны жетиштүү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча өткөн республикалык штабдын жыйында билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Кытайда илдетке чалдыккандардын арасында биздин мекендештер жок.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова ар кандай вирустук инфекциялардын алдын алуу максатында өздүк гигиенаны сактоо боюнча мектептерде жана бала бакчаларда маалыматтык-түшүндүрүү иштерин сапаттуу жүргүзүүнүн маанисин белгиледи.

Штабдын мүчөлөрү ошондой эле жарандарды коомду дүрбөлөңгө салган тастыкталбаган, чындыкка дал келбеген маалыматтарды жайылтпоого чакырды. Мамлекеттик органдар туруктуу негизде кырдаалга көзөмөл жана мониторинг жүргүзүп, кабыл алынган коопсуздук чаралары тууралуу коомчулукка өз учурунда маалымат берилүүдө.

Жыйындын соңунда тармактык мамлекеттик органдарга керектөөчүлөр колдонгон медициналык дары-дармектердин жана товарлардын наркына мониторинг жүргүзүүнү улантуу тапшырмасы берилди.

Белгилей кетсек, мамлекеттик чек арадагы бардык көзөмөл-өткөрүү жайлары күчөтүлгөн тартипте иштөөсүн улантууда, зарыл болгон профилактикалык чаралар кабыл алынган. Эпидемиологиялык кырдаал жакшы эмес өлкөлөрдөн келгендердин ар бири термометр жана жогорку дем алуу жолдорунун үлгүлөрүн аныктоо лабораториясынан өтүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM