Биз менен байланышыңыз

«Лонг-Хай» компаниясынын ири салыктык карызы бар

Кыска кабар | 26 Дек 2019 | 881 | 0

Мамлекеттик салык кызматы ушул жылдын 1-декабрына карата ири салыктык карызы бар салык төлөөчүлөрдүн тизмесин жарыялады.

Алардын арасында Чэн Ян Линге таандык «Лонг Хай» жоопкерчилиги чектелген коомунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн карызы 227 млн 21 миң сом болуп көрсөтүлүп, Ысык-Көл облусунда салык төлөбөгөн компаниялардын башында турат.

Кошумчалай кетсек, өткөн жылы Балыкчы — Корумду жолун куруп жаткан Кытайдын «Лонг Хай» компаниясы жүздөгөн жумушчуга миллиондогон акча карыз экени айтылып жүргөн.

2015-жылы Балыкчы-Корумду жолун жасаганга өкмөттүн казынасынан 7 млрд. сом бөлүнгөн. Андан бери төрт жылдан ашуун убакыт өтсө да, жолду жаңыртуу аягына чыкпай, жергиликтүү тургундарга кыйынчылык жаратып келет. «Лонг-Хай» компаниясы аталган жолдун жарымын гана жасаган. Өкмөттөн акча которулбагандыктан, жолду кайра жаңыртуу иштери үзгүлтүккө учураган.

“Лонг Хай” компаниясы жол жана көпүрө куруу боюнча кытайлык ири компания болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM