Биз менен байланышыңыз

Казакстан менен Кыргызстан бензинди импорттоо боюнча макулдашты

Кыска кабар | 26 Июн 2019 | 785 | 0

Казакстан менен Кыргызстан бензинди импорттоо боюнча макулдашышты. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жениш Разаков 25-июнда Парламенттин экономика жана фискалдык саясат комитетинин отурумунда айтты.

Анын айтымында, калкты күйүүчү май менен камсыздоо зарылдыгын чечүү максатында премьер-министр Казакстандан бензин сатып алуу боюнча макулдашып келүүнү тапшырган. Иштиктүү топ бардык талаш маселелердин үстүндө иштеген.

«Бажы төлөмү жок бензин сатып алуу боюнча протоколго кол коюлганы тууралуу маалыматтар бар. Жакынкы убактарда келишимге да кол коюлат», — дейт Жеңиш Разаков.

Июнь айынын башында кошуна өлкөнүн Энергетика министринин биринчи орун басары Махамбет Досмухамбетов Казакстан Кыргызстанга күйүүчү майды июль айынан тарта берип баштаарын айткан.

Эске сала кетсек, Казакстандан Кыргызстанга күйүүчү май ташуу боюнча сүйлөшүү эки жылдан бери жүргүзүлүп келет. Буга чейин Кыргызстанга мунай өндүрүмдөрүн экспорттоого тыюу салынган пункт талаш жаратканы айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM