Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 4-октябрда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектериндеги кээ бир райондорунда абанын температурасы 0…-2°, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -2…-4° болуп үшүк жүрүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши ыктымал.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда
түнкүсүн: 5….10… күндүз: 17…..22°C;
Талас облусунда
түнкүсүн: 1….6….күндүз: 16…..21°C;
Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында
түнкүсүн: 8…..13….күндүз: 18….23°C;
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн: 2…..7….күндүз: 14……19°C;
Нарын облусунда
түнкүсүн: 1….6…..күндүз: 13…..18°C;
4-октябрда Бишкекте күндүз жаан чачын күтүлбөйт, күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 20……22°C, түнкүсүн 8..… 10°C.