3-октябрда Бишкектин бир катар аймагында таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Суу түтүктөрдү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу саат 9:00дөн 19:00гө чейин Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельский, Ала-Арча көчөлөрүндө убактылуу токтотулат.
Мындан сырткары:
-№18, №33, №35 мектептеринде;
-№12; бала бакчасында;
— Пакистандын Кыргызстандагы элчилигинде;
-Васильев көчөсүндөгү»Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы, Ж. Гвардия бульвары 175, Урицкий көч. 40;
-Чүй бирикмеси (Батыш автовокзалы);
-Улуттук гвардиянын Башкы штабы;
-«Электросила» ЖЧК;
-Кургак учукка каршы шаардык оорукана;
-Биринчи май райондук аскер комиссариаты;
-Биотехнология институту;
-«Сафонов» ЖИ (химзавод);
-Автобаза » БЭБЭУ»
-МТУ № 20, 14, 13: «Кызыл куруучу», «Ак-Тилек», «Көлмө», «Алтын-Бешик», «Салам – Алик» жаңы конуштары, турбаза, тигүүчү жана устачылык цехтеринде («Хисар» ЖЧКсынын мурунку аймагы).