Биз менен байланышыңыз

Матраимов: Сөз эркиндигин урматтап, сыйлаган адамдарбыз

Кыска кабар | 2 Окт 2019 | 698 | 0

Матраимовдор — сөз эркиндигин урматтап, сыйлаган инсандар. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов «Азаттыктын» талкуусунда билдирди. Анда бир канча жылдан бери массалык маалымат каражаттары каралап жатканын, ага карабай соттошпой келатканын айтты.

— Алардын кылганы туура эмес болсо да чыдап, такаат кылып жүрдүк. Өткөн окуяда камерага тартып жаткандар «Азаттыктын» кабарчысы экенин алдын ала билген эмеспиз. Ишемби күнү эртең менен болгон, анда баары эс алып жаткан. Дрон тартып жатканын көрүп, кармап алганда гана «Азаттыктын» оператору экенин билишиптир. Андан соң милицияга кайрылышкан.

Ош ИИБ: Журналисттердин камерасын Раим Матраимовдун тууганы тартып алган

Эскерте кетсек, 28-сентябрда Ош шаарында «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов сюжет жасап жүргөн учурда белгисиз адамдар келген. Алар оператордун колундагы техникасын, документтерин жана ал түшүп жүргөн автоунаанын ачкычын тартып алган. Ош шаардык милициясы белгисиз адамдардын бири Матраимовдордун тууганы экенин белгилеген.

Copyright © 2017 Maral FM