Биз менен байланышыңыз

Ош ИИБ: Журналисттердин камерасын Раим Матраимовдун тууганы тартып алган

Кыска кабар | 30 Сен 2019 | 1793 | 0

Ошто «Азаттыктын» кабарчысы Айбек Кулчумановдун видеокамерасын тартып алгандар Раимбек Матраимовдун жакын туугандары болот. Алар журналисттердин видео камераларын башка максатта тартып алышкан. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын маалымат катчысы Замир Сыдыков «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, журналисттердин видеокамерасын тартып алгандардын бири бир тууган Матраимовдордун бирөөсүнүн баласы болуп чыкты. Алар милицияга көрсөтмө берип, журналисттин каражаттарын тартып алышканын мойнуна алышып, аны коргонуу максатында жасагандарын айтышкан.

«Арыз жазган жаран Матраимовдордун биринин баласы экени аныкталды. Алар дрон менен видео тартып жатышкандардын журналист экенин да билген эмес экен. Жеке жашоосуна кийлигишкени үчүн тартып алышканын айтты. Бирок аны тоноо, карактоо максатында эмес, жеке жашоосуна тоскоолдук кылганы үчүн аны тартып алып, милицияга берүү максатта ушул аракеттерди жасаганбыз дешти», — деп билдирди Замир Сыдыков.

Copyright © 2017 Maral FM