Биз менен байланышыңыз

Иран президенти Роуханинин агасы түрмөгө камалды

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Окт 2019 | 597 | 0

Ирандын президенти Хасан Роуханинин агасы Хосейн Ферейдун жемкордукка байланыштуу 5 жылга эркинен ажыратылды. Чечимди Жогорку сот уктурган. Бул тууралуу Fars агенттиги жазды.

Акыркы чечим бир нече отурумдан соң кабыл алынган. Учурда анын үстүнөн дагы бир кылмыш иши каралууда.

Ферейдун буга чейин 2017-жылы каржылык алдамчылыкка байланыштуу кармалып, кайра шарттуу түрдө бошотулган болчу.

2019-жылдын март айында кызматка келген Ирандын жаңы соту Ибрагим Райси жемкордук менен олуттуу түрдө күрөшүүнү баштаган.

Copyright © 2017 Maral FM