Биз менен байланышыңыз

Түркмөнстан: ИИМде «тазалоо» иштери жүрүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Окт 2019 | 435 | 0

Түркмөнстанда Ички иштер министри Искендер Муликов баш болгон бир топ кызматкер иштен алынды. Ошондой эле, генерал-лейтенант Муликов бардык наамдарынан ажыратылды. Буйрукка Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов кол койгон.

ИИМди текшерүү учурунда жумуштагы кемчиликтер, жемкордукка аралашкан окуялар катталганы аныкталган. Анын негизинде министрликте «тазалоо» иштери жүргөн.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы өз булактарына таянуу менен министрликтеги тазалоо – Искендер Муликов менен өлкөдөгү башка бир таасирдүү фигура – Улуттук коопсуздук министри Яйлым Бердиевдин тирешүүсүнүн жыйынтыгы экенин билдирүүдө.

Түркмөнстандын расмий булактары экс-министрдин абалы тууралуу эч нерсе жазышкан жок, ошентсе да «Гундогар» басылмасынын маалыматына таянып, CA-NEWS порталы Муликов камакка алынганын жазууда. Ошондой эле анын айдоочусу да туткундалган.

44 жаштагы Искендер Муликов буга чейин отставкага кетүү боюнча президент Гурбангулы Бердымухамедовго кайрылган, бирок ал анын өтүнүчүн четке каккан. Муликов бул кызматка 2009-жылы келген.

Copyright © 2017 Maral FM