Биз менен байланышыңыз

«Саламаттыкты сактоо системасын 5-6 киши гана көзөмөлдөп жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Окт 2019 | 486 | 0

Өлкөдө саламаттыкты сактоо системасын 5-6 киши гана көзөмөлдөп жатат. Саламаттыкты сактоо тармагында иштегендер өкмөттөгү жетекчилер менен чогуу башаламандык жасашууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, саламаттыкты сактоо тармагы үчүн чет өлкөлөрдөн да, республикалык бюджеттен да акча бөлүнүүдө. Бирок каражаттар рационалдуу пайдаланылбай жатат.

«Эгерде бөлүнгөн акчалар эффективдүү колдонулганда айрым ооруканаларды өзүн-өзү каржылоого өткөрбөй туруп эле системаны оңдоп алмакпыз. Анткени, бөлүнгөн акчанын жарымы коррупционерлердин чөнтөгүнө кетип жатат. Улуттук онкология жана гематология борборунда 600-700 сомдук медициналык препараттар тендер менен 1500 сомдон сатылып алынган. 3 миң сомдук препарат 9 миң 700 сомдон сатылып алынган», — дейт Исмаилова.

Эл өкүлү мындан сырткары Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду өз ишин жакшы аткара албай жатканын сындады.

«Анткени, программада бир нече жеңилдетилген категориялар бар. Бирок ал кызматтарды пайдалануучулардын жарымы жеңилдиктер тууралуу билишпейт», — дейт депутат.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM