Биз менен байланышыңыз

«Ооруканалар өзүн-өзү каржылоого өтсө, медициналык кызматтын баалары көтөрүлөт»

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Окт 2019 | 586 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова айрым ооруканаларга өзүн-өзү каржылоо автономиясын берүүгө каршы. Анткени, тиешелүү токтом долбоору иштеп баштаса, медициналык мекемелерде көрсөтүлгөн кызматтын баалары көтөрүлөт. Бул тууралуу эл өкүлү Аида Исмаилова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, айрым ооруканаларга өзүн-өзү каржылоо автономиясын берүү боюнча токтом долбооруна ылайык, калктын кээ бир катмары гана медициналык кызматтарга 50% жеңилдик алат. Калган жарандар толук каражат төлөшөт.

«Мындайда эл кантип жашайт? Нанга каражат таппай отурган үй-бүлөлөр кайда барат? Элге тоскоолдук болсо кантип өнүгөбүз? Улуттук госпиталдын офтальмология бөлүмүндө вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын жолдошу иштейт. Аталган  бөлүмдүн өзүн-өзү каржылоодон чыгып калуусунда да кызыкчылыктардын кагылышуусу болгон», — дейт Исмаилова.

Ал Саламаттыкты сактоо министрлиги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборун реформалоодо да экономикалык негиздерге көңүл бурбаганын эске салып, анын кесепетинен башаламандыктар азыр да уланып жатканын сындады.

Ал эми айрым ооруканаларды өзүн-өзү каржылоого өткөрүү боюнча токтом долбоорунун да экономикалык негиздемеси жок экенин, долбоор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына дал келбей турганын белгиледи.

«Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин өкүлү токтомдун долбоору биздин мыйзамдарга дал келбей турганын айтты. III баскычтагы медициналык мекеме боюнча реформаны да экономикалык негизи жок карайбызбы? Токтом боюнча элдин пикирин угуу шарт. Анткени, кызматтарды эл пайдаланат», — дейт депутат.

Эске салсак, Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан айрым ооруканаларга өзүн-өзү каржылоо автономиясын берүү боюнча токтом долбоору иштелип чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM