Биз менен байланышыңыз

Ат-Башыга өнөр жай соода-логистикалык борбору курулуп, 13 миң жумуш орун түзүлөт

Кыска кабар | 1 Окт 2019 | 51 | 0

Нарын облусунун Ат-Башы районунда өнөр жай соода-логистикалык борборун куруу иштери башталат. Бул вице-премьер-министр Замирбек Аскаровдун Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагындагы Кытай Эл Республикасынан келген делегация менен жолугушуу учурунда белгилүү болду.

Замирбек Аскаров бул долбоор президент Сооронбай Жээнбеков жана Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин буга чейин кол койгон макулдашуунун жыйынтыгы болуп саналарын белгилейт.

«Соода-логистикалык борбордун курулушу аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына байланыштуу демилгеленип жатканын өзгөчө белгилегим келет. Биз бүгүн Ат-Башы районундагы өнөр жай соода-логистикалык борбордун курулушунун маанилүү маселелерин талкууладык. Аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууну эске алуу менен, бул долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Өкмөтү тарабынан бардык тиешелүү ченемдик-укуктук актылар иштелип чыкты жана кабыл алынды», — деди Замирбек Аскаров.

Замирбек Аскаров соода-логистикалык борбордун ачылышы Нарын облусунун динамикалуу өнүгүшүн шарттайт жана 13 миң жумуш орду түзүлөрүн белгиледи.

Белгилей кетсек, өнөр жай соода-логистикалык борбордун жалпы сметалык баасы 280 млн АКШ долларын түзөт. Аталган борборду куруу менен аймакка инвестиция тартылат, өндүрүлгөн өнөр жай өндүрүмүнүн жана экспорттун көлөмү көбөйөт, социалдык жана инфратүзүмдүк маселелер чечилет.

Маалыматка ылайык, курулуштун башталышы менен республикалык бюджетке 43 миллион сом, жергиликтүү бюджетке 1 млн 782 миң сом түшөт. Эгер соода логистикалык борбору ишке берилсе, Нарын облусу 7-8 жыл ичинде дотациядан чыгат.

Жолугушууга өлкөнүн Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчиси Шумкарбек Адылбек уулу жана Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов катышты.

Copyright © 2017 Maral FM