Биз менен байланышыңыз

Сооронбай Жээнбеков Ереванга учуп кетти

Кыска кабар | 30 Сен 2019 | 412 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-сентябрда, Армениянын Ереван шаарына 1-октябрда өтө турчу Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин жыйынына катышуу үчүн учуп кетти. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин жыйынынын алкагында ЕАЭБке мүчө мамлекеттердин башчылары «Евразия континентинин транзиттик мүмкүнчүлүгү» форумунун ишине катышышат.

Кыргызстандын делегациясынын курамында: Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Экономика министри Санжар Муканбетов жана Финансы министри Бактыгүл Жеенбаева бар.

Copyright © 2017 Maral FM