Биз менен байланышыңыз

«Тилекке каршы коом мыкты депутаттарды шайлоого даяр эмес»

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Сен 2019 | 1469 | 0

Жаңы саясий стандарттар кол менен жасалбайт, ал коомдун аң-сезимине жараш калыптанат. Парламенттин денгээли мыкты болсо, өкмөттүн курамы да мыкты болот. Тилекке каршы коом мыкты депутаттарды шайлоого даяр эмес. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, коом даяр болбосо, мыкты жазылган мыйзам да иштебейт.

Шыкмаматов эл жакшы тилек кылганы менен шайлоого келгенде акча алып жатканын сындады.

«2020-жылы ким көп калп айтса, ким көп акча берсе, парламентке келип калат. Мен да саясатка жаштардын келүүсүн колдойм. Бирок 30 жаштагы балдарды көрүп жатам. Жаштар биригет да, 5 айдан кийин бири-бирин жамандап жүрөт. Алар саясатка келүүгө даяр болсо, ким тоскоол болууда? Лидерлер чыгып, бириксин», — дейт Шыкмаматов.

Copyright © 2017 Maral FM