Биз менен байланышыңыз

Шыкмаматов: МАГАТЭден акча сурап жүрүп, кайра уран казганыбыз чыккынчылык

Кыска кабар | 26 Апр 2019 | 495 | 0

Жылына уран калдыктары көмүлгөн жерлерди жабуу үчүн МАГАТЭден жалдырап акча сурап жүрүп, кайра уран каздырганыбыз чыккынчылыкка тете. Мындай пикирин Жогорку кеңештин депутаты, «Ата-Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Уранды эң көп Орусия, Казакстан, Америка жана Канада өлкөлөрү казып келет. Аталган өлкөлөрдөгү башкы көйгөй уран калдыктары, уранды казууда экологияга тийгизген терс таасирлер болуп саналат. Урандын зыяны бир эле айылга эмес, бүткүл адамзатка тиет. Ошондуктан, аны менен күрөшүү үчүн жалпы мамлекеттер биригип, атайын МАГАТЭ деген дүйнөлүк уюм түзүшкөн. Аталган уюм уран калдыктары көмүлгөн жайларды жабууга акча бөлүп турат», — деди Алмамбет Шыкмаматов .

Ошондой эле, Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстанда СССР убагында уран кени Майлы-Сай, Миң-Куш, Кажы-Сай жана Орловка аймактарында казылып, азыркы учурда өлкөдө 20га жакын уран калдыктары көмүлгөн жай бар экендигин айтты.

«Табигый кырсыктар болуп кетсе уран калдыктары ачылып, андан эл жапа чекпесин деп, жылына уран калдыктары көмүлгөн жерлерди жаабуу үчүн МАГАТЭден акча сурап жалдырап жүрөбүз. Ошентип жүрүп, кайра уран каздырганыбыз чыккынчылыкка тете», — дейт Шыкмаматов.

Copyright © 2017 Maral FM