Биз менен байланышыңыз

Шыкмаматов: «Кумтөргө» чыккан соттук чечимди инвестициялык климатка байланыштырбоо керек

Видео | 11 мая 2021 | 28985 | 0

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо министри Алмамбет Шыкмаматов «Кумтөр голд» ишканасына карата чыккан соттук өкүмдү туура деп баалады. «Марал» радиосуна берген маегинде аталган компания иштеткен «Кумтөр» кениндеги экологиялык талаптардын аткарылбаганын жана бир катар жол берилген одоно катарчылыктарды санады.

Эске салсак, 7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр» алтын кениндеги Давыдов, Лысый мөңгүлөрүндөгү калдык топтоочу жайдын иштешин мыйзамсыз деп тапкан. Кенди иштеткен «Кумтөр голд» компаниясын 261 миллиард 719 миллион 674 миң сомду мамлекетке төлөп берүүгө милдеттендирген болчу.

Copyright © 2017 Maral FM