Биз менен байланышыңыз

Чолпонбаев: Шыкмаматовдун кетиши — парламенттин тарашына даярдык

Кыска кабар | 27 Дек 2019 | 2417 | 0

Алмамбет Шыкмаматовдун партиядан кетип, мандатын тапшырышы бул — парламент тароого даярданып баштагандыгы болушу мүмкүн. Мындай пикирин парламенттин мурдагы спикери Мукар Чолпонбаев “Маралга” билдирди.

Ал буга кошумча катары, саясатта мындай окуялар болуп турарын жана Шыкмаматовдун партиядан кетиши “Ата Мекен” партиясынын атына, аброюна таасирин тийгизберин кошумчалады.

Эске сала кетсек, бүгүн 27-декабрда “Ата Мекен” партиясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов партиянын катарынан чыгып, депутаттык мандатын тапшыруу боюнча арыз жазганын жарыялады.

Copyright © 2017 Maral FM