Биз менен байланышыңыз

Парламенттик шайлоого 80 талапкер өзүн-өзү көрсөттү

Кыска кабар | 4 Окт 2021 | 198 | 0

28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого бир мандаттуу округ боюнча катышууну каалаган талапкерлердин саны 80ге жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

80 талапкер шайлоого өз алдынча аттанса, 2 талапкерди «Альянс» партиясы көрсөткөн. Белгилей кетсек, шайлоо мыйзамына ылайык бир мандаттуу округга талапкерди партиялар да көрсөтө алат.

28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоо жаңы Конституциянын негизинде иштелип чыккан шайлоо мыйзамына ылайык өткөрүлөт. Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, алардын 54ү партиялык тизме жана 36сы бир мандаттуу округ аркылуу шайланып келет.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 13-октябрда саат 18:00дө аяктайт. Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн документтер БШКга шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен, башкача айтканда 18-октябрь саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш.

Copyright © 2017 Maral FM