Биз менен байланышыңыз

Президент Арменияга барат

Кыска кабар | 30 Сен 2019 | 572 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 30-сентябрь – 1-октябрда Армениянын баш калаасы Ереван шаарында Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышат. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Ал белгилегендей, ЖЕЭК жыйындары адаттагыдай тар жана кеңири курамда өтөт.

«Бул саммиттин өзгөчөлүгү – анын алкагында Кыргызстандын ишкерлик чөйрөсүнүн өкүлдөрү дагы катыша турган «Евразия континентинин транзиттик мүмкүнчүлүгү» Эл аралык форумун уюштуруу пландалууда», — деп баса белгиледи Данияр Сыдыков.

Ал өткөн жумада Бишкек шаарында «Евразия жумалыгы» ийгиликтүү өткөнүн эске алды.

Copyright © 2017 Maral FM