Биз менен байланышыңыз

Ошто эттин баасы кымбаттады

Коом , Кыска кабар | 29 Сен 2019 | 1356 | 0

Коңшу өлкөлөрдөн келген эттин баасы кымбаттады.  Бул тууралуу Ош шаардык кеңештин жыйынында билдирди.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош облусундагы жетекчиси Жанболот Айбашов бул маселе эттин баасы 1 ай бою 20 пайызга кымбаттаса жана өкмөт тарабынан чыгарылган токтомдун негизинде гана жөнгө салына турганын билдирди.

«Айылдарда эт мурдагыдай эле 320 сомдон сатылууда.  Ал эми райондун борборлорунда: Араванда 20 сом, Ноокатта 10 сом, Кара-Суу, Өзгөн райондорунда, Ош шаарында 40 сомго кымбаттаган. Буга чейин эттин баасы кымбаттаганда касапчыларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мэрия мал сатып алып, өз баасын сунуштаган. Ошол убакта касапчылардын чыгымы акталып, эттин килограммынын баасы  320 сом деп коюлган. Быйыл да мэрия комиссия түзүп, эттин баасын аныктап жатышат. Кайра мал сатып алып, союлуп, чыгым эсептелинет»-деди Айбашов 

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү билдиргендей, эттин кымбатташынын негизги себеби-семиз малдар кошуна өлкөгө чыгарылып жатканында. Бул маселени чек ара кызматы, бажы кызматкерлери чара көрүшү керек. Монополияга карыш жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги 2 жылдык мораторийге байланыштуу соодарлерлердин ишине кийлигише албайт.

 

Copyright © 2017 Maral FM