Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан Сириядан дагы 170 жаранын, Ирактан 65 баланы алып келет

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Сен 2019 | 874 | 0

Өзбекстан Сириядан дагы 170 жаранын жана Ирактан 65 баланы алып келет. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов 25-сентябрда БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Ирактан 65 бала, Сириядан 170 киши келет деп күтүп жатабыз. Биз эл аралык уюмдардын жана бул процесске түздөн-түз катышып жаткан Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттердин колдоосуна муктажбыз. Бул биринчи кезекте БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн жардамы тууралуу сөз болууда. Биз мындай кызматташтыкка даярбыз”, — деп билдирди Камилов.

Ошондой эле, ал ушул жылдын 30-майында Өзбекстан тобокелчиликке баруу менен Сириядан 156 жаранын Мекенине кайтарылгандыгын эске салды.

Эске салсак, 11-майда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Сириядан 231 казакстандык көчүрүлүп келгенин маалымдаган болчу. Ал эми, Кыргызстан Сириядагы жарандарды көчүрүп келүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

 

Copyright © 2017 Maral FM