Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан: Коопсуздук кызматынын мурунку төрагасы 18 жылга кесилди

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Сен 2019 | 511 | 0

Өзбекстандын Мамлекеттик коопсудук кызматынын мурунку төрагасы Ихтиер Абдуллаев эркинен ажыратылды. Мындай чечимди өлкөнүн Аскердик соту кабыл алды.

Абдуллаев жемкордукка жана кызматынан аша чаап пайдаланууга айыпталууда.

Ал кылмыштуу топтор менен алектенип, Өзбекстандын кызыкчылыгына туура келбеген иштерге барганы, тоноо, башка бирөөнүн мүлкүн уурдоо сыяктуу мыйзам бузууларга катыштыгы бар экендиги аныкталган.

Ихтиёр Абдуллаев Мамлекеттик коопсудук кызматын 2018-жылдан 2019-жылдын февраль айына чейин аркалады. Ага чейин, 2015-жылдын баштап 3 жыл Өзбекстандын башкы прокурору болгон. Андан мурда Олий Мажилистин сенаторлук милдетин аткарган.

 

Copyright © 2017 Maral FM