Биз менен байланышыңыз

Казакстанга чектеш Чалдоварда ок атылган окуя боюнча УКМК үн катты

Кыска кабар | 28 Сен 2019 | 1335 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Казакстанга чектеш Чүйдүн Чалдовар айылында ок атылган окуя боюнча билдирүү таратты. Анда 28-сентябрда мыйзамсыз чек араны кесип өтүүнүн алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иштерине тоскоолдук кылуу фактысы катталганы айтылат.

«»Чалдовар-унаажол» көзөмөл-өткөрмө бекетинен белгисиз адамдар УКМК өткөрүп жаткан тергөө иштерине тосколдук жаратышып, кызматкерлерди таш баранга алышкан. Жыйынтыгында ыкчам-тергөө топтун бир канча кызматкери денесинен ар кандай жеңил жаракаттарды алышкан. Чүй облусунун Панфилов райондук милициясы тарабынан материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катаалды. Учурда Ички иштер министрлиги менен биргеликте бул фактыга катыштыгы бар адамдар такталууда, жыйынтыгында тергөө аракеттерине тоскоолдук кылган адамдарга юридикалык баа берилмекчи», — деп айтылат УКМК бүгүн тараткан билдирүүдө.

Белгилей кетсек, маалымат каражаттарында Чалдоварда күч түзүмдөрүнүн ортосунда чыр чыгып, ок атылганы айтылган. Алдын ала маалыматтарда укук коргоо органдарынын кызматкерлери чек арачыларды пара алып жаткан жеринен колго түшүрүү боюнча атайын операция жүргүзүшкөн. Бирок операцияга жергиликтүү тургундар кийлигишип, алар чек арачыларды коргоп УКМК кызматкерлерин сабап салышкан. Жаңжал учурунда 3-4 жолу ок атылган. Окуяга күбө болгондордун айтымында, чек арачылар асманга ок чыгарышкан.

Copyright © 2017 Maral FM