Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Жан сакчы Сагынбаевдин камалышы — башкаларга катуу эскертүү

Кыска кабар | 27 Сен 2019 | 2260 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы, оор беренелер менен айыпталып, камакка алынган Канат Сагынбаевдин аракетин Равшан Жээнбеков адилеттүү деп баалады. Бул тууралуу пикирин экс-депутат «Маралга» билдирди.

7-8-августтагы окуяга «жеринен күбө болдум» деген саясатчы Равшан Жээнбеков жан сакчы Канат Сагынбаевдин аракеттерин «толук мыйзамдуу жана адилеттүү», — деп баалады. Анын  айтымында, колго түшкөн атайын кызматтын өкүлдөрүн сабатпай коргоп, «Тез жардам» кызматына чыгарып берүүдө да Сагынбаевдин көмөгү чоң болгон. Ал эми анын камака алынышы кээ бир саясатчыларга, кээ бир активисттерге катуу эскертүү экенин Равшан Жээнбеков белгилейт.

«Менин оюмча, бийлик Атамбаев аркылуу, анын тегерегиндеги адамдарды камоо аркылуу мамлекетте негизги оппозиция болуп жаткан Атамбаевди аренадан кетирдик, саясий арена толугу менен биздин көзөмөлгө өттү», — деп ойлоп жатат. Кээ бир саясатчыларды, жарандык коомдун өкүлдөрүн ошол окуяга байланыштырып куугунтуктап, башка бардык жарандарга, саясатчыларга, активистерге эскертүү болуп жатат. «Кимде ким активдүү саясат менен алектене турган болсо, ал аракет биздин көз карашыбызга туура келбей калса, баарыңарды ушундай турмуш күтүп турат, баарыңар ушинтип түрмөгө отурасыңар», — деген эскертүү болуп жатат», — дейт Равшан Жээнбеков.

Copyright © 2017 Maral FM