Биз менен байланышыңыз

Боронов Латвиянын премьер-министри менен жолугушту

Кыска кабар | 27 Сен 2019 | 491 | 0

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов башында турган Кыргыз делегациясы Латвиянын премьер-министри Артурс Кришьянис Кариньш менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкарууну реформалоого, административдик-аймактык реформа жүргүзүүгө, өлкөнү санариптештирүүгө байланыштуу, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана күчтөндүрүүгө багытталган маселелер талкууланды.

Кыргыз делегациясынын курамына Жогорку Кеңештин депутаттары Канат Керезбеков, Акылбек Жапаров, Таабалды Тиллаев жана тармактык мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирген.

Copyright © 2017 Maral FM