Биз менен байланышыңыз

Орусия ири маалымат агенттиктерин текшерүүгө алат

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Сен 2019 | 411 | 0

Орусиянын Мамлекеттик Думасы бир топ маалыматтык агенттиктердин материалдарын карап чыгат. Буга себеп алардын мыйзам бузган аракеттери болгондугун айтат Мамлекеттик Думанын Башкы комиссиясынын жетекчиси Василий Пискарев. Бул тууралуу РИА Новости порталы жазды.

«Бир топ медиа Федерациянын ишине кийлигишкен жана өз жумушунда Орусиянын мыйзамдарын бузууга жол берген. Алардын катарында «Медуза», «BBC орус кызматы», «МБХ-медиа», «Америка үнү», Facebook жана Google, ошондой эле «Радио Свобода» да бар. Азырынча аталган медиа тармактарын текшерүү иштери жүрүп жатат. Кандай чаралар көрүлөрү так эмес. Чечим текшерүү иштери аякталган соң чыгарылат»,- деди Пискарев.

Copyright © 2017 Maral FM