Биз менен байланышыңыз

Исаков: Министрликке кайрылган ар бир жаранга маданияттуу мамиле болсун

Кыска кабар | 27 Сен 2019 | 558 | 0

Мындан ары Билим берүү жана илим министрлигине келген ар бир жаранды маданияттуу кабыл алып, ага адамгерчиликтүү мамиле жасалышы керек. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков түзүм кызматкерлери менен өткөн жыйында билдирди.

«Бизге келген ар бир жаранга маданияттуу мамиле жасалсын. Арыз-даттанууларын дыкат угуп, аларга мыйзамдуу түрдө көмөк көрсөтүп, муктаждыктарын өз убагында чечип, министрликтин кызматкерлери ишке болгон жоопкерчилигин жогорулатышы керек. Ар бир кызматкер жумуш ордун таза сактоого милдеттүү», — деди министр.

Ал соңку жылдары коомчулук тарабынан Билим берүү жана илим министрлигине сындар көп айтылып, жарандардын ишеними төмөндөп кеткенин белгилеп, билим берүүчү органдын башкы мекемеси катарында өзү үлгү көрсөтүшү керектигине токтолду.

«Бул республикадагы бардык билим берүү бөлүмдөрүнө, мектептерге чейин жайылтылып, элге позитивдүү маанай жаратып, билим берүү системасынын деңгээлин, аброюн коомдо көтөрүү боюнча иштер аткарылууга тийиш», — деди Каныбек Исаков.

Эскерте кетсек, азыркы учурда Билим берүү жана илим министрлигинин имаратында оңдоп-түзөө иштери жасалып, эстетикалык көрүнүшү өзгөрдү.

Copyright © 2017 Maral FM