Биз менен байланышыңыз

Бир собол: Майыптыгы бар айдоочуларга жеңилдик каралганбы?

Кыска кабар | 27 Сен 2019 | 779 | 0

«Марал» радиосунун угармандарынын бири: «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында унаа колдонуп бара жатып жол эрежесин бузган майыптарга айып пул төлөөдө жеңилдик каралганбы?» — деген суроо менен кайрылды.

Ага жооп алуу үчүн Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркуловго байланыштык.

— «Коопсуз шаардын» системасында унаа каражаты майып кишиге же ден сак кишиге катталганы боюнча маалымат жок. Мыйзамда да жол эрежесин бузуулар боюнча майыптар үчүн жеңилдетилген шарттар каралган эмес. Анткени, айып социалдык төлөм эмес. Эгерде ал социалдык төлөм болгондо сөзсүз түрдө женилдиктер каралмак. Мыйзам алдында бардык жаран бирдей. Демек, тартип бузуу үчүн ар бир жаран мыйзам чегинде жооп бериши керек. «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында да ушундай эле маселе… Ал жерде майыптар жеңилдетилген шартта эреже бузууларды жасай берсин деген ченем жок. 

Copyright © 2017 Maral FM