Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: ИДП көлөмүнөн айыл чарбасынын үлүшү азайып жатат

Кыска кабар | 27 Сен 2019 | 610 | 0

Айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөрдү жана кайра иштетүүчү ишканаларды мамлекеттик колдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу керек. Мындай пикирин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн кезектеги жыйынында билдирди.

Ошондой эле премьер-министр жылдан-жылга өлкөнүн ИДП көлөмүнөн айыл чарбасынын үлүшү азайып жатканы байкалганын айтты.

«Бул бир жагынан мүмкүн жакшыдыр, анткени, экономиканын башка тармактарынын өсүшүн күбөлөндүрөт. Эгерде биз аймактарды өнүктүрөбүз десек, айыл чарба тармагын активдүү колдоп жана натыйжалуулугун көтөрүшүбүз керек экенин дагы бир жолу белгилегим келет», — деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы учурда элеттеги товар өндүрүүчүлөрдү жана кайра иштетүү тармагындагыларды колдоо боюнча бардык чаралар көрүлүп жатканын айтып, дыйкандарга берилген акча каражаттары түздөн-түз максаттуу багытта жумшалышы керектигин белгиледи.

«Ошол эле учурда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү фермерлер жана кайра иштетүү тармагындагылар менен активдүү иш алып баруусу керек. Аларга бардык тиешелүү кеңештер берилиши жана насыялык ресурстарга жеткиликтүү болушуна колдоо көрсөтүү керек», – деди премьер-министр.

Copyright © 2017 Maral FM