Биз менен байланышыңыз

Кытай чиновнигинин үйүнөн 13,5 тонна алтын табылды

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Сен 2019 | 763 | 0

Кытай полициясы тинтүү учурунда Гуаньчжоу шаарынын мурунку мэри Чжан Цинин үйүнөн 13,5 тонна алтын табышкан. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Маалыматтарга караганда, 57 жаштагы мурунку шаар башчынын үйүнүн жер төлөсүнөн ири суммадагы накталай акча да чыккан. Ошондой эле бир канча кыймылсыз мүлктөрдүн документтери сакталуу болгон.

Табылган акча, алтын, антиквариат сыяктуу баалуу буюмдарды бир нече аскердик жүк ташуучу унаалар менен чыгарып кетишкен.

Экс-губернаторго өлүм жазасы берилиши күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM