Биз менен байланышыңыз

Франциянын экс-президенти Жак Ширак каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Сен 2019 | 516 | 0

Бүгүн Франциянын экс-президенти Жак Ширак 86 жашында каза болду. Бул тууралуу Франс Пресс порталына анын үй-бүлөсү кабарлаган.

Жак Ширак 1932-жылы Париж шаарында туулган. 1974-76-жылдары Франциянын премьер-министри, 1977-жылдан президенттикке шайланганга чейин Париж шаарынын мэри болгон. 1995-жылы Франциянын президенти болуп, 7 жылдык мөөнөткө шайланган. Ал өлкөсүн жетектеп турган жылдарда президенттик мөөнөттү 7 жылдан 5 жылга кыскарткан. Анын негизинде президенттик кызматка кайрадан шайланып, Франция мамлекетин 2007-жылга чейин башкарган.

Copyright © 2017 Maral FM