Биз менен байланышыңыз

Касымалиева: Аялдар саясий окуяларда да туруктуулук көрсөтүштү

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Сен 2019 | 423 | 0

Жогорку Кенештин вице-спикери Аида Касымалиева «Маралга» берген маегинде акыркы убакта жергиликтүү кеңештердин курамы абдан начарлап кеткенин билдирди.

Анын айтымында, базар, мектеп, бала бакчаларда иштегендердин дээрлик 90 %ы — аялдар. Бирок алар добуш берүүгө, бюджетти бөлүштүрүүгө келгенде чечим чыгаруудан сыртта калган, бул — абдан кооптуу. Айылдык кеңештерге аял депутаттар келип, «сакаюу процесси» жүрсө жакшы болмок.

Айылдык кеңештерде мандаттарды аялдар үчүн резервге калтыруу Конституцияга каршы келбейт. Тескерисинче жалпы өлкө боюнча ири өзгөрүүлөргө алып келет.

«Айылдык кеңешке бардык элдин өкүлдөрү келиши керек. Аялдар үчүн талапкерлигин коюп, шайлоону жеңип чыгуу психологиялык жактан кыйындап баратат. Биз аны жоёлу деп жатабыз. Мыйзамды аткарууда мүчүлүштүктөр көп болот, бирок аны талкуулап жатабыз. Жогорку Кеңеште аялдардын активдүүлүгү абдан жогору. Алсак, парламентте түшкү тыныгуудан соң эркек депутаттардын келүүсү абдан оор, ал эми айым депутаттар өз убагында келишет. Бул жумушка болгон мамиле – кичинекей гана көрсөткүч. Аялдар саясий окуяларда да туруктуулук көрсөтүштү», — дейт Касымалиева.

 

Copyright © 2017 Maral FM