Биз менен байланышыңыз

Баткендин милициясы маңзат алып жүргөн жаранды кармады

Кыска кабар | 25 Сен 2019 | 484 | 0

Баткендин Кызыл-Кыя шаардык милициясы наркозат алып жүргөн шаардын Х.М. аттуу 37 жаштагы тургунун колго түшүрдү. Бул милициянын баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында жүзөгө ашкан. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Дамира Юсупова билдирди.

Ыкчам кызматкерлер анын кийиминин сол чөнтөгүнөн ак, түссүз целлофанга оролгон жашыл-күрөң-бозгуч түстөгү өзгөчө жыты бар, салмагы 140 грамм болгон зат алган. Мындан соң ыкчам кызматкерлер тарабынан суралгандан кийин ал өз ыктыяры менен жашаган үйүнө катып койгон 84 граммдан ашуун маңзатын милиция кызматкерлерине тапшырган. Тиешелүү экспертизанын жыйынтыгында алынган зат наркотиканын марихуана түрү экендиги аныкталган.

Бул факт Кызыл-Кыя ШИИБнын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш жазык кодексинин 268-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Copyright © 2017 Maral FM