Биз менен байланышыңыз

Жээналиев: «Жи Эл Макмал Девелопинг» боюнча өкмөттүн позициясы бүдөмүк болуп жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Сен 2019 | 519 | 0

«Макмал» алтын кенине алтын ылгоочу комбинат куруп баштаган «Жи Эл Макмал Девелопинг» компаниясы боюнча өкмөттүн позициясы бүдөмүк болуп жатат. Бул тууралуу аталган ишкананын директору Максат Жээналиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

2018-жылдын 11-апрелинде Тогуз-Торо районунун жашоочулары митингге чыгышып, курулуп жаткан имаратты өртөп жиберишкен.

Жээналиев аталган чыр боюнча соттук териштирүү иштери жүргөнүнө бир жылдын жүзү болгонун, бирок азыркыга чейин окуяга эч андай юридикалык, саясий баа бериле электигин айтып, нааразычылыгын билдирди.

«Учурда күзөт бөлүмү комбинатты кайтарып турат. Тергөөгө берилген кагаздар эмне болуп жатканы да түшүнүксүз. Өткөн жылы күнөөсүз 18дей бала соттолуп кетти. Окуяны уюштуруп, элди алдап чагымчылдыкка алып барган адамдардын аттары ЖМКларда айтылганы менен эч кадай кыймыл жок», — дейт Жээналиев.

Ал инвесторлор мындан ары да алтын ылгоо, тоо кен багытында Кыргызстанда иш жүргүзүүгө көңүлү бар экенин белгилейт.

«Орток пикирге келген соң, бийликтен саясий жагын чечип берүүсүн суранып келе жатышат. Инвесторлор премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту. Алар: «Өлкө аймагынан кен байлык берсеңер кеткен чыгымды жабалы», — деген сунушун берген. Өкмөт башчы вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго тапшырган. Азырынча эч кандай жыйынтык жок», — дейт Жээналиев.

Маалыматка ылайык, «Жи Эл Макмал Девелопинг» «Макмал» алтын кенинен 7 жылга ижарага жер алган. Ижара акысы айына 400 миң сом деп келишилген. Бирок курулуп жаткан комбинат өрттөнүп кеткенине байланыштуу учурда ижара акысы төлөнбөй турат.

“Макмалдын” алтынын иштетүүчү компания белгилүү болду

Copyright © 2017 Maral FM