Биз менен байланышыңыз

Жээналиев: «Жи Эл Макмал Девелопинг» элден качпайт, азыр да иштешүүгө даяр

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Сен 2019 | 576 | 0

«Макмал» алтын кенине алтын ылгоочу комбинат куруп баштаган «Жи Эл Макмал Девелопинг» компаниясы элден качпайт, азыр да иштешүүгө даяр. Бул тууралуу аталган мекеменин директору Максат Жээналиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Ал «Жи Эл Макмал Девелопинг» компаниясы өлкө аймагында тоо кен тармагында иш алып барууга кызыктар экенин айтат. Бирок «Кыргызалтын» ишканасы «Макмал» алтын кенин иштетүү боюнча инвестор издеп жатканда «Жи Эл Макмал Девелопингге» эч кандай сунуш бербегенин белгилеп, нааразычылыгын билдирди.

Жээналиевдин пикиринде, «Кыргызалтын» ишканасы негизги стратегиясын унутуп жатат.

«Өлкөдөгү алтындын деңгээлин жогорулатып, дүйнөлүк биржага чыгаруу — «Кыргызалтындын» негизги стратегиясы, бирок аны унутуп жатышат. «Жи Эл Макмал Девелопинг» компаниясы менен түзүлгөн келишимге ылайык, долбоорду мамлекеттик экспертизадан өткөрүүдө «Кыргызалтын» кол кабыш кылышы керек болчу. Курулуш жүрө электе эле биздин иш кагаздар толук болгон. Бир гана экологиялык экспертиза алына элек эле, себеби, ал акырында алына турган этап болчу. Ал юридикалык териштирүүдө да  туура болгону аныкталды», — дейт Жээналиев.

Ал мындан сырткары, «Макмал» алтын кенине алтын ылгоочу комбинат курууга чет элдик айрым компаниялар каршы болгонун айтты.

Эске салсак, 2018-жылдын 11-апрелинде Тогуз-Торо районунун жашоочулары митингге чыгышып, курулуп жаткан алтын иштетүүчү имаратты өртөп ийишкен.

Copyright © 2017 Maral FM