Биз менен байланышыңыз

Трампка импичмент жарыялоо демилгеси ишин баштады

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Сен 2019 | 447 | 0

АКШ Конресси президент Дональд Трамптын акыркы аракеттери боюнча текшерүү жүргүзүү демлигесин көтөрдү. Жыйынтыкка жараша өлкө башчысына импичмент жарыялоо чечими каралат.

Палата өкүлдөрүнүн мындай аракетине Трампты украин президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү себеп болгон. Алар Трамп украин президентин өз тарабына тартууда Украинага аскердик жардам берүүнү токтотуп коюу менен коркутушу мүмкүн. Ошондой эле Трамп украин лидери менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө Украинада мурдагы вице-президент, президенттик шайлоого аттанып жаткан Трамптын башкы оппоненттеринин бири Жо Байденге жана анын уулуна карата иликтөө жүргүзүүнү талап кылган. Бирок Трамп бул өтүнүч экенин, эч кандай кысым көрсөтүү болбогонун билдирген.

Алты адамдан турган комитет Трамптына ишмердүүлүгүн карайт. Мыйзам бузулгандыгы аныкталса, импичмент жарыялоо маселеси көтөрүлөт. Эгерде импичмент жарыялоо чечими кабыл алынса, мындай жагдай АКШ тарыхында алгачкы ирет болмокчу.

Copyright © 2017 Maral FM