Биз менен байланышыңыз

«Айрым элчилер Чыңгыз Айдарбековдун тилин укпай жаткандай сезилет»

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Сен 2019 | 924 | 0

Кыргызстандын тышкы саясаты жогорку деңгээлде эмес. Анткени, башкаруу жагында мурда калыптанып калган кадрдык саясат бар. Сыртта жүргөн элчилер баары тең эмес, алар органдай иште албай жатат. Мындай пикирин саясат талдоочу Алмаз Тажыбай «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, элчилер мамлекеттик тейлөө жагынан начар иш алып барууда. Сыртта жүргөн жарандарга жылуу мамиле болушу керек. Бирок бул жагынан кемчиликтер бар.

«Чек ара, терроризм, коопсуздук сыяктуу маселелерди чечүүдө ТИМди курал катары колдонушубуз керек. Бул жаатта аксоолор болуп жатат. Ар бир элчи барган өлкөсүнө Кыргызстандын кызыкчылыгын так айтышы керек. Бирок биз түрдүү айтып жатабыз. Айрым элчилер Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун тилин укпай, баш ийбей жаткандай сезилет», — дейт Тажыбай.

Саясат талдоочу Айдарбеков жемиштүү иштеп жатканын белгиледи. Буга кошумча, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин убагында тышкы саясат бир тараптуу жүргүзүлгөнүн, ал эми өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков аны ар тараптуу багытка өзгөрткөнүн айтты.

Copyright © 2017 Maral FM