Биз менен байланышыңыз

Казакстандын президенти ноябрда Кыргызстанга келет

Кыска кабар | 24 Сен 2019 | 548 | 0

Ушул жылдын ноябрь айында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга мамлекеттик иш сапар менен барууну мерчемдеп жатат. Бул маалыматты Казакстан Парламентинин Мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулин Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Ошондой эле, ал эки өлкөнүн башчыларынын жолугушуусунун алкагында эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө жана өнүктүрүү маселелери талкууланарына үмүт артарын билдирди.

Ошондой эле Нурлан Нигматулин артыкчылыкка ээ кызматташтык чөйрөсүндөгү көптөгөн маселелерди чечүүгө жана байланыштарды кеңейтүүгө өбөлгө болчу бардык деңгээлдеги алакаларда алдыга жылуу байкалганына токтолду.

Эскерте кетсек, Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Евразия өлкөлөрүнүн парламент төрагаларынын IV отурумуна Жогорку Кеңештин депутаттары Махабат Мавлянова, Урмат Самаев, Алмаз Жутанов жана Нодирбек Каримовдор да барышкан.

Copyright © 2017 Maral FM