Биз менен байланышыңыз

Өз алдынча башкаруу тажрыйбасын өздөштүрүү үчүн Боронов Эстонияга барды

Кыска кабар | 24 Сен 2019 | 385 | 0

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жумуш сапары менен Эстонияда жүрөт. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Сапардын алкагында Кубатбек Боронов жана кыргыз делегациясынын мүчөлөрү Эстониянын административдик-аймактык реформа жүргүзүү боюнча тажрыйбасын өздөштүрүүгө ниеттенишүүдө.

Эстонияда жүргүзүлгөн реформалардын жыйынтыгында бүгүнкү күнү 215 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан 79 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы түзүлгөн.

Кыргыз делегациясынын мүчөлөрү өлкө парламентинде, Эстониянын жергиликтүү өз алдынча башкаруу ассоциациясында бир катар жолугушууларды өткөрүп, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү иштеринин негизги багыттары талкууланды.

Кыргыз делегациясынын курамына Жогорку Кеңештин депутаттары Канат Керезбеков, Акылбек Жапаров, Таабалды Тиллаев жана тармактык мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирген.

Copyright © 2017 Maral FM