Биз менен байланышыңыз

Исаков: Октябрда мугалимдеринин маянасына 30% кошулат

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Сен 2019 | 865 | 0

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков «Марал» радиосуна берген маегинде октябрда мугалимдеринин маянасы 30%га жогорулай турганын билдирди.

Анын айтымында, айлык акылар мугалимдин окуу жүктөмү, квалификациялык деңгээли, эмгек стажына жараша өзгөрөт.

Бала бакчадагы тарбиячылардан тарта, мектептин, кесиптик-техникалык лицейдин, Билим берүү академиясынын, окутуучулардын билимин өркүндөтүүчү институттарынын мугалимдеринин маянасына 30 % кошулат. Ал үчүн каражат бар, 2019-жылдын соңуна чейин 1 млрд 700 млн сом акча каралган.

«Октябрдан тарта маяналарды беребиз. Бүгүн бул боюнча өкмөттө чоң жыйын болот. Эң башкысы, акчаны туура бөлүштүрүп, 25-26-октябрда мугалимдердин колуна жете тургандай аракеттерди жасашыбыз керек. Учурда райондук билим берүү башкармалыгынын бухгалтерлери менен министрликтин жооптуу кызматкерлери иштеп жатат. Жума күнү баарын чогултуп, дагы тапшырмаларды беребиз. Кемчиликтер кетпөөсү үчүн дыкат карайбыз», — дейт Исаков.

Ал белгилегендей, бардык мугалимдерге бирдей төлөмдөн тышкары, базалык, компенсация түрүндө берилүүчү айлык акы фонддору жана стимулдаштыруучу маяналар бар.

Министрлик мугалимдерге сый акы берүүнүн үстүндө да иш алып барууда.

«Келечекте дифференцияланган айлык акыга өтүү керек. Ал үчүн аттестацияларды жүргүзүшүбүз кажет. Мугалимдердин айлыгын жогорулатуу боюнча тийиштүү министрликтер менен биргеликте жобо иштелип чыккан», — дейт Исаков.

Copyright © 2017 Maral FM