Биз менен байланышыңыз

Кой-Таш мамкомиссиясынын кийинки көчмө жыйыны Жогорку Кеңеште болот

Кыска кабар | 24 Сен 2019 | 457 | 0

7-8-августта Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды изилдөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранованы кайрадан чакырышкан. Мамкомиссиянын катчылыгы кат түрүндө парламентке тиешелүү чакыруу жөнөткөн, бирок эл өкүлдөрү катышуудан баш тартышкан. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Комиссиянын бир катар мүчөлөрү комиссиянын кийинки көчмө жыйынын Жогорку Кеңештин имаратында өткөрүүнү сунушташты. Мында депутаттар Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова менен жолугушуу күтүлүүдө. Бул сунуш комиссиянын өкүлдөрү арасында колдоо тапты.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков белгилегендей, Мамкомиссиянын мүчөлөрү өткөн жыйында ички иштер министринин орун басарлары Памир Асановдун жана Алмаз Орозалиевдин, ошондой эле коомдук ишмер Турусбек Коеналиевдин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин маалыматын угушкан.

Copyright © 2017 Maral FM