Биз менен байланышыңыз

Бакиров: Ширин Айтматова менен дебатка чыкканга даярмын

Кыска кабар | 23 Сен 2019 | 662 | 0

Мурдагы депутат Ширин Айтматова депутаттар буудайды импорттоо аркылуу 2015-жылдагы Парламенттик шайлоого кетирген чыгымдарын жаап, андан башка дагы 650 млн сом акча тапканга жетишкени тууралуу видеокайрылуу таратты. Ал шайлоодон 10 күн өткөндөн кийин, 2015-жылы 14-октябрында Жогорку Кеңеште Кыргызстанга алынып келинген буудайларды бажы салыгынан бошотуу токтомун «Өнүгүү-Прогресс», КСДП жана «Кыргызстан» партиялары колдоп чыгышканына токтолгон.

Бирок депутат Мирлан Бакиров айтылган күнөөлөрдү толугу менен четке какты. Бакиров, мындай кадамды бажы биримдигин түшүнбөгөн гана адам айтат дейт. Анын айтымында, буудайга болгон салыкты алып салууну өкмөт сунуштаган, анда бир катар депутаттар колдоп берген. Ошол мезгилде өкмөттүн бул кадамы туура болгон.

— Өкмөт башка жактан келген буудай үчүн салык кызматын алып салууну бизге сунуштаган. Ошол кезде бул өтө туура кадам болгон. Ал эми Ширин Айтматованын билдирүүсүн экономикадан, өндүрүштөн түшүнүк албаган, реалдуу кырдаалдан кабары жок, популисттик гана кадам десем болот. Ал эми 650 млн сом тууралуу айткан сөздөрүнө мен коомчулук алдында жооп бергенге даярмын. Дебат уюштуруп, андагы суммалар боюнча айтып берем.

Copyright © 2017 Maral FM