Биз менен байланышыңыз

Садыр уулу: Саясатка келсем деген оюм бар

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Сен 2019 | 559 | 0

Коомдук ишмер, «Ашар» кыймылынын лидери Жумагазы Чоңаюу Садыр уулу «Маралга» берген маегинде саясатка келүүгө ниеттенип жатканын билдирди.

«Саясатка келсем деген оюм бар эле. Биз бир чети баёо болуп, кандай жазылса, ошондой жүрүү керек дечү экенбиз. Менчиктештирүүдө башкаларга жардам бердик, бирок өзүбүз байыгандан уялдык. «Элиң мөгдүрөп турса, бай болгонуң курусун» деген сөз мен үчүн мыйзам болчу. Ошентип жүрсөк, оюндарда акчалуулар утуп кетүүдө. Биз жардам бергендер акчалууларды карайт экен. Сенин чынчылдыгың 1 тыйын болуп калат», — дейт Садыр уулу.

Бирок ал бир күнү элдин көзү ачыларына үмүт артып, өткөн жылы өзү жетектеген кыймылды партияга айлантканын белгиледи. Чынчыл жаштарды колдоого алуу ниетинде экенин айтып өттү.

«Заманбаппыз. Ошол эле кезде тамырыбыз бар дегендей кыймылга келишибиз керек болуп жатат. Муну биздин эл да көксөп тургансыйт. Чынчыл жаштарды колдосок деп жатабыз. Анткени, партияларды көрүп жатам, балдар Батыштын окуу жайларын бүтүп келет да, заматта эле кол бала болуп калат. Биз бириге албай жүргөндөргө бир аянтча кылып берсек деген ойдобуз», — дейт Садыр уулу.

Ал буга кошумча Чоңаюу ысымы тууралуу да айтып берди.

«Мен ата-бабалардын арбактарына ишенем. Чоң атам 1903-жылы Ысык-Көлдөн Чүйгө мандикерликке келет. Булар деген тарыхый инсан болгон экен. Ал мандикердикти жыйынтыктап жатып, Ташкенттен кудасын тосот. Кудасы чоң аюусу менен келет. Чоң атам аюу менен алышып көтөрүп чабат. Ал кезде чоң атам 23 жашта болгон экен. Ошондон баштап Чоңаюу деген атка конот», — дейт Садыр уулу.

Copyright © 2017 Maral FM