Биз менен байланышыңыз

Ошто үч эм төрөлдү. Бул жыл башынан берки бешинчи үч эм

Кыска кабар | 23 Сен 2019 | 514 | 0

Ош шаарында 27 жаштагы келин 3 эм төрөдү. Ымыркайлар бүгүн таңкы саат 03:45те жарыкка келди. Бул тууралуу Ош шаардык төрөт үйүнөн билдирди.

«Шаардын Кара-Суу районунун Мады айылынын тургуну Абдирасул кызы Сайракан бүгүн 3 эм төрөдү. Бул келиндин алгачкы төрөтү. Ымыркайлар операция жолу менен төрөлдү. Экөө — уул, бири — кыз. Биринчи төрөлгөн наристе 1 кг 800 гр, экинчиси 1 кг 900 гр, үчүнчүсү — кыз 1 кг 750 кг салмакта төрөлдү», — деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, аталган төрөт үйүндө жыл башынан бери бешинчи 3 эм жарык дүйнөгө келген.

Copyright © 2017 Maral FM