Биз менен байланышыңыз

Айрым жол эреже бузуулар боюнча айыппулду азайтуу мыйзам долбоору сунушталууда

Кыска кабар | 22 Сен 2019 | 519 | 0

Айрым жол эреже бузуулар боюнча айыппулдун өлчөмүн азайтуу тууралуу мыйзам долбоору сунушталууда. Бул тууралуу Жол кыйымылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Коопсуз шаар» долбоору жана «Бузуулар кодекстин» күчүнө кирип иштей баштаганынан тарта, коомчулукта айыптардын баасынын жогору болгондугу тууралу ар кандай пикирлер айтылып келди. Буга байланыштуу коомчулуктун оюн эске алуу менен ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан өкмөткө “Бузуулар кодексинин” айрым беренелерине кошумча жана өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор сунушталды.

Кошумча жана өзгөртүүлөр төмөнкү жол эреже бузууларга киргизилип, айыппулдун өлчөмүн 3 миң сомдон 1 миң сомго чейин азайтуу каралууда:

  • Жол белгилеринин талаптарын аткарбоо, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо;
  • Токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу;
  • Коопсуз дистанцияны, интервалды сактабоо же болбосо жолдун жүрүүчү бөлүгүндө транспорт каражаттарын жайгаштырууну бузуу же автомагистралда жүрүү эрежелерин бузуу;
  • Жол чырактын тыюу салуучу сигналы же болбосо жол кыймылын тескөөчүнүн тыюу салуучу жаңсоосу болгондо, жол белгилери же жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн чийиндери менен белгиленген стоп-линиянын алдында токтоо жөнүндө Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын аткарбоо;
  • Карама-каршы жолтилкесине чыкпай туруп, кууп өтүү же маневр жасоо
    эрежелерин бузуу;
  • Тышкы жарык берүүчү приборлорду же болбосо эскертүүчү сигналдарды
    колдонууда эреже бузуу.

Copyright © 2017 Maral FM