Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков менен Путин «Борбор-2019» аскердик машыгууларды көрүштү

Кыска кабар | 20 Сен 2019 | 397 | 0

Президент Сооронбай Жээнбековду бүгүн, 20-сентябрда Оренбург шаарынын эл аралык аэропортунан аталган облустун губернатору Денис Паслер тосуп алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Андан ары Президент Сооронбай Жээнбеков «Донгуз» машыгуу талаасына барып, ал жактан Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгу менен кездешти.

Владимир Путин менен Сооронбай Жээнбеков «Донгуз» машыгуу талаасында Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн кургак жер аскер топторунун жана Орусия, Кытай, Пакистан, Индия, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын аскердик түзүмдөрүнүн катышуусунда «Борбор-2019» аскердик машыгуулардын жүрүшүн алкагында биргелешкен тажрыйбалык иш-аракеттерине күбө болушту. Анда аскер кызматкерлери чабуулга туруштук берүү, душмандын мизин майтаруу, чабуулга өтүү жана душмандын башкы күчтөрүн талкалоо боюнча машыгуу сабактарын көргөзүп беришти.

Иш-чарага дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жана «Борбор-2019» машыгуусуна катышуучу өлкөлөрдүн аскер атташелери келди.

Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин ошондой эле согуштук жана аскердик техникалардын көргөзмөсүндө болушту.

Copyright © 2017 Maral FM