Биз менен байланышыңыз

Баткен: Максат мектебинде окуу кайрадан башталды

Кыска кабар | 19 Сен 2019 | 430 | 0

Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу Максат орто мектебинде окуу процесси бүгүн, 19-сентябрда кайра башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мектепте жалпысынан 196 окуучу билим алат, бүгүн 50 бала сабакка келген. Калгандары кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан кийин коңшу айылдардагы туугандарынын үйүнө кеткендиктен келе албай калышкан.

Ошондой эле коңшу Бешкент айыл өкмөтүндөгү Момунов атындагы орто мектепте да окуу процесси кайра улантылды. Белгилей кетсек, 16-сентябрда аталган мектепке Кулунду айылынын тургундары жайгаштырылган болчу.

Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасында болгон ок атышуудан Максат айылындагы мектептин информатика мугалими Замир Адинаев менен 8-класстын окуучусу Раимберди уулу Өткүрбек жабыркап, учурда Бишкек шаарында дарыланышууда.

Copyright © 2017 Maral FM